Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:22

Шайлоого талапкер көрсөтүүдө «Бирдиктүү Орусия» Путиндин пикирине таянат


Бул тууралуу «Бирдиктүү Орусия» партиясынын жогорку кеңешинин төрагасы, Мамлекеттик Думанын спикери Борис Грызлов билдирди.

- Владимир Путин партиянын негиздөөчүсү жана талашсыз лидери. Андыктан анын пикири «Бирдиктүү Орусия» үчүн артыкчылыкка ээ, - деп билдирди Грызлов.

12-апрелде президент Дмитрий Медведев кытайлык ССТV каналына берген маегинде кийинки президенттик мөөнөткө баруусу мүмкүн экендигин айткан. Премьер-министр Путин дагы 2012-жылы өтө турган шайлоого катышуусу мүмкүндүгүн билдирген.
XS
SM
MD
LG