Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

БУУ: Ливияда ок атышуу тезинен токтоcун


Баш катчы Бан Ки Мун Муаммар Каддафини колдогон күчтөрдү Мисрата шаарында ок атышууну тезинен токтотууга чакырды. Мисрата Ливиянын батышындагы козголоңчулар ээлик кылган жалгыз шаар, 7 жумадан бери Каддафинин күчтөрүнүн чабуулуна кабылууда.

Бүгүн Будапеште туруп, Бан Ки Мун «Ливиялык бийликтер жаңжал менен адам өлтүрүүнү өтө чукул арада токтотуусу зарыл» деп айтты. Баш катчы ошондой эле Ливиядагы кырдаал боюнча саясий чечим кабыл алууга чакырып, БУУ Триполи шаарында гуманитардык миссия ачууну көздөп жаткандыгын билдирди.

Козголоңчулардын баш катчысы жекшемби күнү Мисрата шаарында болгон кагылышта 17 киши өлүп, 100дөн ашуун жарадар болгонун билдирди. Эл аралык миграция уюму Мисратадан бүгүн 1 миңден ашуун киши чыгарылгандыгын, дагы миңдеген адамдар кооптуу кырдаалдан чыгып кетүүнү күтүп жаткандыгын билдирди.

Каддафинин күчтөрү чыгыштагы Аждабия шаары үчүн кармашты улантууда. Бир ай мурун Улуттар Уюмунун Ливиядагы бейкүнөө адамдарды “коргоо үчүн чараларды көрүү” чечиминин алкагында Эл аралык күчтөр бул өлкөдө аскерий операция баштаган.

XS
SM
MD
LG