Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

"Кызыл чырым" Мисратадан мигранттарды чыгарууда


“Кызыл чырым” уюму Ливиянын атышуулар уланып жаткан Мисрата шаарынан 618 мигрантты чыгарып кеткенин кабарлады. Уюм зарыл болгон дары-дармек, тамак-аш, ичкенге суу жүктөлгөн дагы бир кемесин жөнөтөөрүн, ал шаршембиде шаарга жетээрин билдирди. Дүйшөмбүдө 1000 мигрантты башка жакка алып кеткенин Миграция боюнча эл аралык уюм да кабарлады. Ал арада бул шаарда Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрү менен козголоңчулардын атышуулары уланып жатат. Козголоңчулар бир топ ийгиликке жетишкенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG