Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Чернобыль алааматын 25 жылдыгына арналган донорлор конференциясы өтөт


Бүгүн Киевде өтө турган конференциянын максаты – адамзат тарыхындагы эң оор атомдук кырсыктын кесепети менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорго миллиондогон доллар акча чогултуу. Евробиримдик бул үчүн 110 млн.евро бөлөөрүн дүйшөмбүдө жарыялаган. Иш-чарага Бирикен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун, Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Юкио Амано жана “Чоң сегиздикке” кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Чернобылдагы кырсыкка быйыл Жапониянын “Фукусима-Дайичи” атомдук электростанциясындагы кырсыктан кийин өзгөчө көңүл бурулууда.

XS
SM
MD
LG