Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Тажик милициясы футболчуну сакалы үчүн мелдешке катыштырбай койду


Парвиз Турсунов республиканын чемпионатынын жаңы сезонуна киргизилбей калганы тууралуу “Хайр” футбол командасынын машыктыруучусу Тохир Муминов кабарлады. Анын айтымында, Ички иштер министрлиги оюнчунун сакал койгонуна каршы болгон. Бирок министрлик өзү бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлеринен кимде ким буга аралашка болсо, жоопко тартылаарын билдирген. Футболчу Турсунов өзү непада ал футболду же сакалды тандашы керек болуп калса, оюндан баш тартаарын, анткени сакал коюу ар бир мусулман үчүн Мухаммад пайгамбардан калган сүннөт экенин айтат.

XS
SM
MD
LG