Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

БУУ Мисратага гумжардам үчүн уруксат берилгенин айтат


Бириккен улуттар уюму Ливиянын уруш жүрүп жаткан Мисрата шаарына гуманитардык жардам киргизүүгө лидер Муаммар Каддафинин күчтөрү уруксат беришкенин билдирди. Уюмдун гумжардам бөлүмүнүн башчысы Валерие Амос, ошол эле учурда, жардамды элге таркатуу учурунда атышуулар токтотулат деген кепилдик жок экенин айтты. Human Rights Watch эл аралык уюмунан кабарлашкандай, Сириядагы үчүнчү ири бул шаардагы соңку жети аптадан берки согушта кеминде 267 адам набыт болду. Ал жерде өкмөткө каршы чыккан козголоңчулар менен лидер Муммар Каддафинин аскерлери күрөшүп жатышат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, дүйшөмбүдө Мисратадан 1000 чет-өлкөлүк менен жарадар болгон сириялыктар башка жакка чыгарылышты. Адамдарды эвакуациялоо ишине Миграция боюнча эл аралык уюм менен “Кызыл чырым” уюму катышууда.

XS
SM
MD
LG