Ушул тапта Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ишканасынын кызматкерлери, тургундары болуп эки миңдей адам митинг өткөрүүдө. “Кыргызнефтегазды” коргоо боюнча элдик комитеттин төрагасы Мухтар Артыкбаевдин “Азаттыкка” айтымында, чогулгандар мамлекеттик мүлк министрлигинин ишкананы кайра-кайра текшерүүлөрүнө нааразы болушууда. Ушул убактарда митингге чыккандар аталган министрликтин жети адамдан турган комиссиясын имаратка киргизбей турушат. Ошондой эле Мамлекеттк мүлк министрлиги “Кыргызнефтегаздын” директорун кызматтан бошотууга кызыктар деп айыптап, министр Нурдин Илебаевдин кызматтан кетишин талып кылышууда. (КЕ)