Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Ажылык сапарды уюштурууну коомдук байкоочу кеңеш көзөмөлдөшү мүмкүн


Ажылык сапарын уюштурууну коомдук байкоочу кеңеш көзөмөлдөшү керектигин бүгүн маалымат жыйында муфтий Чубак ажы Жалилов билдирди. Анын айтымында, байкоочу кеңештин курамына Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиттеттин жана жарандык коомдун өкүлдөрү кириши зарыл.

Өткөн жылдагы ажылык сапарын уюштуруу иштеринде айрым кыңыр иштер ачыкка чыгып кеткен. Жалилов коррупциялык элементтерди жоюу максатында зыяратка барууну каалаган адамдардын арызын алууда электрондук маалымат желесин түзүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG