Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Маевка тополоңунун бир жылдыгы эскерилүүдө


Бүгүн Чүйдөгү Маевка айылында мындан толук бир жыл мурунку кандуу окуя тынч жүрүш менен эскерилүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, иш-чарага 200дөн ашуун окуучулар жана студенттер катышууда. Катышуучулар жана уюштуруучулар тынчтык символу болгон кептерди жакшы тилек менен асманга учурушту. Алар Маевка айылындагы Маданият үйүнөн тартып өткөн жылдагы тополоңдо мерт болгон адамдын үйүнө чейин жөө барышууда. Андан соң бул окуяда курман болгондордун элесине куран окутулат.

2010-жылы 19-апрелде Маевка айылында үлүш жерди басып алгандар менен жер ээлеринин ортосунда талаш чыккан. Беш адам өлүп 40тай адам жаракат алган. Онго жакын үй өрттөлгөн болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG