Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Кыргызстанда террорист деген шек менен бир адам кармалды


Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, 18-апрелде Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 1973-жылы туулган К.О. аттуу Өзбекстанда жашаган Орусиянын жараны кармалды. Текшерүү учурунда шектүү адамдан Кыргызстандын жасалма паспорту табылган. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда кармалган адамга 2008-жылы Орусиянын тартип коргоо органдары оор кылмыштарга катышкандыгы үчүн издөө жарыялаган экен. Учурда ал адам УКМКнын убактылуу кармоо абагында кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG