Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Аргынбаев Конгантиевди утуп алды


Укук коргоочу, “Болуш” ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев Петровка окуясы боюнча жалган маалымат таратты, жеке ар-намысыма шек келтирди деп мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди сотко берген. Ишти Биринчи май райондук соту карап, 14-апрелде чечимин чыгарды. Аргынбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сот чечимине ылайык, Конгантиев ага 20 миң сом төлөп бермей болду. Ошондой эле 2009-жылдын 27-апрелинде мурдагы министрдин маалыматына таянып кабар тараткан “Акипресс” жана “24kg” сайттарына ошондогу маалыматтар жалган экенин билдирген жаңылык жарыялоо милдети жүктөлдү.
Буга чейин Жогорку Cот бир жылдай убактылуу кармоо жайында күн кечирген Аргынбаевге моралдык зыян алып келгендиги үчүн жүз миң сом бөлүп берүү чечимин чыгарган. Каражатты Каржы министри бөлүп бермей болгон.

2009-жылы 26-апрелде Чүйдөгү Петровка айылынын тургундары күрт улутундагы 4 жашар кызды зордуктаганына нааразы болуп айылдагы күрт тектүү адамдардын үйлөрүн талкалашкан. Бул окуяга күнөөлүү делип, ошол кезде оппозициядагы “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов камалган. Соттук териштирүү бир жылга чукул убакытка созулуп, мамлекеттик айыптоочу аларды 8 жылга эркинен ажыратууну суранган. Камалгандар апрель ыңкылабынан кийин толугу менен акталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG