Бул тууралуу Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Турдумамбетов “Азаттыкка” билдирди. Учурда Башкы прокуратура улут аралык араздашууга чагым салган, бир тараптуу маалымат берген делген “Чөөнүн сааты” китебинин Кыргызстан аймагында мыйзамсыз таратылышы боюнча сотко берүү аракетин көрүүдө. Андан соң бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, Улуттук кооппсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилет. Ал эми китептин жер-жерлерде мыйзамсыз таратылышын жергиликтүү бийлик менен тартип коргоо органдары көзөмөлдөйт. Учурда анын кимдер тараптан таратылып атканы такталып, иликтенүүдө. (КЕ)