Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Украина Чернобыл АЭСи үчүн 550 млн. евро чогултту


19-апрелде Киевде Чернобыл атомдук электр станциясынын реакторуна жаңы туулга курууга акча чогултуу боюнча эл аралык конференция болду. Украин президенти Виктор Янукович донор өлкөлөр жана уюмдар жыйында 550 миллион евро жардам убада кылганын билдирди:

- Биз бүгүн Чернобыл долбоорун бүткөрүү үчүн 550 миллион евро чогулта алдык. Бул алдын ала айтылган сумма. Украина өзү да 29 миллион евро бөлөт.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу Чернобылдун мурдакы саркафог-туулгасынын үстүнө жаңы туулганы курганга бардыгы 740 миллион евро керек деди.
26-апрелде дүйнөдөгү эң коркунучтуу өндүрүштүк кырсык саналган Чернобыль АЭСиндеги жардырууга 25 жыл болот.

XS
SM
MD
LG