Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Кубанын аксакал лидерлери шайланды


79 жаштагы Раул Кастро бүгүн Куба коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп шайланды. Анын бир тууган агасы Фидел Кастро Кубанын коммунисттик партиясы 46 жыл мурда түзүлгөндөн бери биринчи жолу партиянын жетекчилигине кирбей калды.
Раул Кастронун орун басары болуп 80 жаштагы Рамон Мачадо Вентура бекитилди.
Ал эми өлкөдөгү үчүнчү адам - вице-президент болуп 78 жаштагы Рамиро Валдес шайланды.
15 адамдан турган жетекчи топко жаш муундун бир нече өкүлү киргени менен алар Кубанын бийлик тепкичинде маанилүү орунга ээ эмес.

XS
SM
MD
LG