Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Британия Ливия оппозициясына аскерий кеңешчилерин жиберет


Британия Ливиядагы козголоңчуларга лидер Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы согушта насаат бериш үчүн аскерий кеңешчилерин жиберет. Британиянын тышкы иштер министри Уиллиям Хейгдин айтымында, кеңешчилердин тобу тренингдерди өткөрбөйт, курал-жарактан да жардам бербейт, урушту кантип жүргүзүш боюнча пландарды да түзбөйт. Алар жергиликтүү калкты коргош үчүн операцияны координациялоого катышаары айтылды. Министр бул операция Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Ливия боюнча резолюциясынын алкагында ишке ашырылаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG