Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Коалицияга кирген фракциялар жыйынга чогулду


Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүккө кирген үч фракция ушул тапта жабык жыйын өткөрүп жатат. Буга чейин парламенттеги оппозициялык “Ар-намыс” фракциясынын коалицияга кошулууну каалаган 10 депутаты баштапкы ниеттеринен кайтпай турганын ырастап билдирүү тараткан. “Арнамысчылардын” коалицияга кошулушун “Ата-Журт” фракциясы да колдогон. Бирок “Ар-намыс” фракциясы он депутатынын фракциядан чыкпай туруп коалицияга киришин мыйзамсыз жана акыл-эске сыйбайт деп баалаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG