Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери Йемендеги кырдаалды ал өлкөнүн өкмөттүк делегациясы менен талкуулап жатышат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жасалган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, министрлер жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашты, бирок конкреттүү планды жарыялашкан жок. Шейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңеши Йемендеги кризисти жабык талкуулады. Анын жыйынтыгында дипломаттар биргелешкен билдирүү боюнча мунаса таба алышкан жок деп маалымдалды. Ал аралыкта өлкөнүн өзүндө антиөкмөттүк демонстрацияга чыккандарга кайрадан күч колдонуп, шейшембиде 3 киши окко учту. Соңку кабарларга ылайык, Аден шаарында бүгүн полициянын 1 офицери набыт болду. Элдик толкундоолор башталган феврал айынан бери кагылышууларда 120дан ашуун адам өлдү. Демонстранттар өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан Салехтин кетишин талап кылышууда.