АКШ президенти Барак Обама бүгүн Фэйсбук социалдык тармагынын баш кеңсесинде болот. Калифорниядагы Силикон өрөөнүндө жайгашкан кеңседен президент Фэйсбуктун колдонуучулары менен он-лайн маек куруп, суроолорго жооп бермекчи. Обаманын Фэйсбуктагы барагында 19 миллион күйөрман катталган. Өткөн президенттик шайлоо кампаниясында анын штабы каражат чогултуу, добуш берүүчүлөрдү өздөрүнө тартуу үчүн Интернет менен Фэйсбукту активдүү колдонуп келген. Жакында Обама экинчи президенттик мөөнөт үчүн ат салышаарын да адегенде Интернет аркылуу жарыялаган.