Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Коомдук каналдын жамааты өлкө жетекчилигине кайрылды


Президент, өкмөт башчы жана ЖК төрагасына жолдонгон бул кайрылууда
Айрым кызыкдар тараптар Убактылуу өкмөттүн Декретинин негизинде түзүлгөн КТРК Байкоочу кеңешинин азыркы курамын таратуу маселесин көтөрүп жатканы, “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам долбоору ЖКнын Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты боюнча комитети тарабынан КТРКнын Байкоочу кеңеши жана жамааты берген сунуштар эске албай кабыл алынганы айтылат. Бул өз кезегинде Байкоочу кеңеш менен КТРК жетекчилиги жана жалпы жамаатынын ортосундагы эриш-аркак натыйжалуу ишке, жарандардын так жана сапаттуу маалымат алуу укугуна кедергисин тийгизээри да белгиленген.

Ошондой эле көрүүчүлөр жана көз карандысыз эксперттер коомдук каналдын иши бир кыйла жакшырып калганын белгилеп жатканы, КТРК менен Байкоочу кеңеш кыска аралыкта ийгиликтерге жетишкени жана мындай үзүрлүү иштин уланышына мүмкүндүк бериш керектиги айтылып, тараптарды тар чөйрөнүн мүдөөсүн көздөгөн саясий оюндарды токтотуу менен коомчулук, жалпы көрүүчүлөр, угармандар жөнүндө ойлонууга чакырык ташталган. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин азыркы курамы да Убактылуу өкмөттүн Декрети менен шайланганын эске алуу жагы эскертилген.

Кайрылуу соңунда бул мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтыруу, аны ушул калыбында кабыл алуудан мурда коомчулукту кеңири маалымдар кылып, КТРК ишмердигинин укуктук базасын камсыз кыла турган өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнүн зарылдыгы барбы же жокпу – аны коомдук угууда талкуулап алуу сунушу жолдонгон.(SM)

XS
SM
MD
LG