Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Ак үйдүн алдында акыйкатчыны колдогон нааразылык акция өтүүдө


Он чакты кишиден турган топ акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан алуу демилгелерине каршы пикирлерин билдиришүүдө. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, алар акыйкатчыга беш жылдык мөөнөтүн толугу менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү талабын коюп жатышат. Бүгүн Жогорку Кеңеш акыйкатчынын 2010-жылдагы адам укуктары боюнча баяндамасын талкууга алат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун өткөн аптада баяндамасын депутаттарга жарыялаган. Акыйкатчынын ишмердүүлүгүн иликтеген комиссиянын корутундусу даяр эместигине байланыштуу баяндаманы талкуулоо иши бул аптага жылдырылган.

Жыл башында Жогорку Кеңештеги Адам укуктары боюнча комитет акыйкатчы Турсунбек Акундун ишине байланыштуу атайын комиссия түзгөн. Буга мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун тушунда иштеген кызматкерлердин кысмакка алынып жатканын белгилеген арыздары себеп болгон. Мындан улам Акундун азыркы кызматына ылайыктуулугун териштирүү тууралуу маселелер көтөрүлүп келген. Турсунбек Акун бул дооматтардын негизсиз экендигин белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG