Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

“7-апрель” кыймылы КТРКнын Байкоочулар кеңешин таркатууга каршы чыкты


“7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочулар кеңешин таркатуу демилгелерине каршы экендигин билдирүүдө. Анын айтымында, 15 кишиден турган байкоочулар кеңешин таркатууга жана Коомдук телерадиоберүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеште талкууга алууга негиз жок.

Бүгүн Жогорку Кеңеш “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү маселесин карамакчы. Буга чейин бир катар депутаттар Убактылуу өкмөттүн декрети менен түзүлгөн Байкоочулар кеңешинин курамын кайра карап чыгуу демилгелерин көтөрүп келишкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG