Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Укук коргоочу уюм КТРКга байланыштуу кайрылуу таркатты


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Жогорку Кеңештин төрагасына, фракция жетекчилерине, президент жана премьер-министрге КТРКга байланыштуу кайрылуу жөнөттү. Аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошуракунованын “Азаттыкка” билдиришинче, алар Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тууралуу мыйзам долбоорун парламентте кароого алууга негиз жок экендигин, каналда башталган реформалар аягына чейин чыгууга тийиштигин билдиришүүдө. Бул кайрылууга “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Кыргызстандын аймагындагы отуз өкүлү койгон.

Парламент бүгүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тууралуу мыйзам долбооруна толуктоолорду киргизүү маселесин кароого алат. Аталган долбоорду иштеп чыккан депутат Каныбек Иманалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, каналдын иштөө жана байкоочулар кеңешин шайлоо тартиби тууралуу мыйзамды кабыл алууга зарылчылык бар. Мындан улам бул маселени Жогорку Кеңеш гана чечиши керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG