Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

22-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 22-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 26…31 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12 градус жылуу, күндүз 29…31 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG