Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Эколог Курманкулов Бишкек мэрине иш козголушун талап кылууда


Эколог Алмаз Курманкулов Бишкектеги “Ата-Түрк” паркында бак-дарактар кыркылып, турак-жай салууга жол берилгени үчүн мэр Иса Өмүркуловго каршы иш козгоо өтүнүчүн Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу Курманкулов “АКИпресс” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Ал Өмүркулов мэр болуп иштегенден бери сейил бакта курулуш иштери башталганын сынга алды.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева бул дооматтар негизсиз экендигин, Өмүркулов мэр болуп келгенден бери эч кимге жер берилбегенин “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле парктагы турак-жайлардын салынышын токтотуу үчүн мэрия аракет кылып, бир катар соттук жараяндар өткөнүн билдирди.

“Ата-Түрк” сейил багында турак-жайлардын салынышына бир катар жарандар, экологиялык кыймылдар каршы пикирин билдирип келишет. Алар буга чейин аталган маселе боюнча чукул чара көрүүгө чакырып, президентке кайрылуу жөнөтүшкөн.

28-февралда Жогорку Сот "Ата-Түрк" сейил багындагы курулуштарга коюлган мораторийди алып салган шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган. Бир катар экологиялык уюмдар бул чечимди тааныбай, каршылык аракеттерин уланта тургандыктарын кабарлашкан.

Өткөн аптада Башкы прокуратура 2008-жылы «Ата-Түрк» паркында мыйзамсыз жер берилип кеткенин, бул боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG