Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

"Президентке берилет" деп акча чогултуу боюнча маалымат иликтенет


Президенттин басма сөз кызматы “Саясат-пресс” гезитинин 15-апрелдеги санында жарыяланган маалыматтарды тактоо өтүнүчүн Башкы прокуратурага жөнөттү. Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, гезиттин бул санында Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Байыш Жусупов айыл өкмөттөрүнүн башчыларынан президентке берем деп акча чогулткан деген маалымат жарыяланган. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага бул маалыматтын чын-төгүнүн аныктап, мыйзамдын алкагында чара көрүүнү өтүнгөн кат жолдонду. (KKs)

XS
SM
MD
LG