Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Президент транзиттик борборго май ташуу боюнча келишимге кол койду


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн президент Роза Отунбаева “Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборуна күйүүчү май ташуу тууралуу келишимди ратификациялады. Натыйжада келишим боюнча Кыргызстан ичиндеги бардык процедуралар аяктаганын АКШга билдирүү тапшырмасы Тышкы иштер министрлигине тапшырылды.

Өткөн апта АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы бул келишимди Жогорку Кеңеш да жактырган. Ага ылайык, транзиттик борборго келүүчү күйүүчү майдын элүү пайызын кыргыз-орус тарап биргелешип түзгөн “Газпром-нефть-Аэро” ишканасы ташыйт. Жыл сайын мамлекеттик казынага 23 миллион доллар өлчөмүндө каражат түшүп турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG