Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Жапония «Фукусима Дайичи» ишканасынын аймагын жапты


Жапон бийлиги "Фукусима Дайичи" атомдук ишканасынынын тегерегиндеги 20 чакырымдай аймакты "жабык аймак" деп ага кирүүгө тыюу салды. Министрлер кабинетинин баш катчысы Юкио Эдано чечим бүгүн түндө күчүнө кире тургандыгын билдирди.

- Биз бардык тиешелүү министрликтер менен ишти координациялап болдук. Бүгүндөн тарта жаратылыш кырсыктарына даярдык мыйзамына таянып станциянын тегерегин «жабык аймак» деп жарыялоону чечтик.

Бийликтер «Фукусима Дайичи» станциясынын 20 чакырым тегерегиндеги тургундарды башка жерге көчүрүүгө аракеттенүүдө. Азырынча бул аймакта жашаган 80 миңден ашуун тургундун канчасы кайра кайтып келери же дагы эле кооптуу кырдаалда жашап жаткандыгы так эмес. Буга чейин жергиликтүү бийлик кырсыктан кийин үй-жайын таштап кеткендерге кыска убакытка мурдагы жашаган жерине барып, зарыл буюмдарын алууга уруксат берген.

Эми мыйзамды бузуп, кооптуу аймакта кала тургандар 1200 долларга чейин айып төлөп же 30 күнгө убактылуу жайга камалышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG