Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

ИИМ: Кыргыз милициялары Интерпол аркылуу изделген жок


Ички иштер министрлиги баткендик эки милиция кызматкерине өзбек бийлиги Интерпол аркылуу издөө жарыялады деген маалыматты төгүндөдү. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдер жана макулдашууларга ылайык, кыргыз-өзбек тартип коргоо органдары кылмыш менен күрөшүүдө бирге кызматташат. Буга чейин Интернетте Өзбекстан өзүнүн жараны Новрузбек Тургуновду мыйзамсыз кармап кеткен Кыргызстандын милиция кызматкерлерин Интерпол аркылуу издөөгө ниеттенип жатканы тууралуу кабар тарап кеткен. Анда Кыргызстандын тартип коргоо органдары чек арадан мыйзамсыз өтүп, өзбекстандык дыйкан Тургуновду уурдап кеткени жана айып пул катары мал менен акча сурашканы айтылат.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгын тергөөчүсү Урмат Курманалиев “Азаттыкка” Тургуновдун кармалышында мыйзам бузуу жоктугун билдирген болчу. Анын айтымында, Тургунов Кыргызстандын аймагында кармалган жана “мал уурулук” жана “чек араны мыйзамсыз өтүү” беренелери боюнча күнөөсү далилденип, иши сотко өткөн. Учурда бул ишти Кадамжай райондук соту карап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG