Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Жапон өкмөтү марттагы апааттан чыгууга дагы 50 млрд. доллар бөлүүдө


Жапон өкмөтү 11-марттагы жер титрөө жана цунамиден кыйраган аймактарды калыбына келтирүүгө жана анда зыян тарткан ишкана-мекемелерге финансылык көмөккө кошумча дагы 50 миллиард долларга чукул акча бөлмөк болду. Премьер-министр Нато Кандын кабинети жактырган долбоорду Жапон парламенти эмки аптада бекитүүгө тийиш. Марттагы табигый апаат кырсык болгон аймакка 300 миллиард доллардан көп чыгым келтирген деп боолгонууда. “Фукусима-Дейчи” АЭСиндеги радиация кризисин ала келген капылет окуяда 25 миңден көп адам курман болгон.

XS
SM
MD
LG