Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Таиланд жана Кампучи аткылашып, 6 аскер окко учту


Таиланддын жана Кампучинин аскерлери 22-апрелде эки мамлекет арасындагы  талаштуу аймакта ок атышып, эки жактан алты жоокер курман болгону маалымдалды. Тараптар бири-бирин кырдаалды курчутууда деп күнөөлөштү. Февраль айында да чек арадагы индус кечилканасы жайгашкан 4,6 чарчы чакырым жайды талашып, тай жана кампучи аскерлери төрт күн аткылашкан. Дүйнөлүк сот 1962-жылы ибадаткана Кампучиге таандык деп тапкан. Бирок 2008-жылы ЮНЕСКО кечилкана турган жайды дүйнөлүк маданий мурас деп жарыялагандан тарта, Таиланд бу жерди талашканды дагы күчөтө баштады.

 

XS
SM
MD
LG