Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Чеченстанда "ал-Каиданын" өкүлү жок кылынды


“Ал-Каиданын” Түндүк Кавказдагы өкүлү Халед Юсуф Мухаммед ал-Эмират жок кылынды. Россиянын терроризмге каршы күрөшүү комитетинин маалымдашынча, "Моганнед" деген ат менен белгилүү саудиялык согушчан жана эки козголоңчу 21-апрелде Чеченстандын Шали районундагы аскерий операция маалында өлтүрүлгөн. Комитеттин өкүлү Николай Синцовдун жума күнү билдиришинче, Моганнед чечен адаватчыларынын ана башы Доку Умаровдой маанилүү фигура:

- Биз кармалган согушчандардан алынган маалымат боюнча, Моганнед акыркы жылдары Доку Умаров менен козголоңчулардын лидери болуу үчүн күрөшүп жаткан. Соңку жылдары Россияда жанкечтилер жасаган чабуулдардын дээрлик баарысы анын түздөн түз катышуусу менен пландалган.

Моганнед, маалыматка караганда, согушчандарга чет өлкөдөн акча таап келип, жанкечтилердин чабуулдарын каржылап турган.

XS
SM
MD
LG