Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:16

Ооганстанда Өзбекстан ислам кыймылынын колбашчыларынын бири тутулду


НАТОнун маалымадашынча, ӨИКтин колбашчыларынын бири эки жардамчысы менен чогуу 20-апрелде Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз вилайетиндеги талиптерге каршы аскердик өнөктүк учурунда колго түшкөн.
Билдирүүдө жоочулардын колбашчысынын ысымы аталган жок. Бирок, анын 2010-жылы ооган түрмөсүнөн качып кеткени белгиленет.
Өзбекстан ислам кыймылы 2001-жылдын соңуна чейин талиптер тарабында болуп, анын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстан аймагында жайгашкан. Ошол жылы АКШ куралдуу күчтөрү эл аралык террорчуларга каршы аскердик өнөктүктү баштаганда, ӨИК мүчөлөрүнүн бир тобу Пакистандын талипчил уруулары көзөмөлдөгөн тоолуу аймакка өтө качкан.
Эл аралык террорчу “ал-Кайида” тармагы менен байланышы бар бул кыймыл жакындан бери Тажикстанга чектеш аймакта жандана баштаганы кабардалууда.
Немистердин ДПА кабар агенттиги НАТОдогу булакка шилтеме жасап, коалициялык күчтөр акыркы эки айда 20 өзбек жоочусун, анын ичинде Өзбекстан ислам кыймылынын мурдакы жетекчилеринин бирин Кундуз аймагында туткунга түшүргөнүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG