Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:40

Кылмыш кодексинен “ушактоо”, “мазактоо” беренелери алынат


Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кечээ биринчи окууда жактырды. Ага ылайык кодекстен “ушактоо” жана “мазактоо” боюнча адамды кылмыш жоопкерчилигине тарткан 127-128-беренелери алынып салына турган болду. Бул беренелер толук жокко чыгарылышы үчүн аталган мыйзам долбоор парламентте экинчи жана үчүнчү окууда жактырылышы керек.

- Жаңы кабыл алынган Конституцияда Кыргызстанда адамдын кадыр-баркына шек келтиргени үчүн эч ким кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн эмес деген берене бар. Көп өлкөлөрдө тилекке каршы жок экен. ЕККУ чөлкөмүндө он бир өлкөдө бар. Он биринчиси биз болдук. Ошондуктан кодекстен беренелерди алып жатабыз, - деди мыйзам долбоорунун автору, депутат Өмүрбек Текебаев

Буга чейин юристтер билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодексинен 127-128-беренелер алынса, кайсы бир адамды ушактаган жана мазактаган адам кылмышкер катары соттолбойт. Ушак айтканы же мазактаганы аныкталган адам жарандык же административдик кодекстин негизинде укук бузуучу катары сыпатталып, айып пулга гана жыгылат. Буга чейин бир катар журналисттер аталган беренелер боюнча кылмыш жообуна тартылып келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG