Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Сирияда жаңы кагылыштар күтүлүүдө


Анткени бүгүн кечээ коопсуздук күчтөрүнүн огунан каза тапкан демонстранттардын туугандары аларды акыркы сапарга узатууга камынып жатат. Жергиликтүү адам укугун коргоочу активисттердин бири “каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү мурдагылар сыяктуу эле албууттанган нааразылык акцияларына айланат”,- деп билдирген. Президент Башар Ассадын бийлигине каршы кечээги демонстрация кан эң көп төгүлгөн күн болуп калды. Кабарларга караганда, коопсуздук күчтөрү 90дой демонстрантты атып салган. АКШ президенти Барак Обама Сирияда демонстранттарга каршы репрессиялар токтошу керектигин айтып, “президент Ассад өз элин уккандын ордун тышкы күчтөрдү айыптап, Сирия жарандарын жазалоо үчүн Ирандан жардам издеп жатканын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG