Ош облусунда өткөн жылкы июнь окуялары маалында дайынсыз жоголгону айтылган 14 адам алигиче табыла элек. Бул тууралуу Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Мындан тышкары коогалаңда өлгөн 25 адамдын сөөгү таанылбай турат. Учурда бул сөөктөрдөн алынган материалдар Кытайдын Пекин шаарына ДНКлык анализ үчүн жөнөтүлдү.
Расмий маалыматтарда 2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуяларда төрт жүздөн ашуун адам мерт болуп, миңдеген кишилер жаракат алганы айтылып келет. (KKs)
Расмий маалыматтарда 2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган окуяларда төрт жүздөн ашуун адам мерт болуп, миңдеген кишилер жаракат алганы айтылып келет. (KKs)