“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу президентке, парламент төрагасына, премьер-министрге жана коалициялык көпчүлүктүн жетекчисине кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. Билдирүүдө Жогорку Кеңеште ачыктык болбой жаткандыгы, кабыл алынып жаткан айрым мыйзамдар жарандардын мүдөөсүнө каршы келгени айтылат. Буга КТРК тууралуу мыйзамдын талкууга алынышы мисал болгону белгиленет. Мындан улам аталган уюм депутаттарды парламенттин регламентине ачыктык киргизүү, кабыл алына турган мыйзамдарга коомдук экспертиза жүргүзүү жана этикага көңүл бурууга чакырууда.
Жогорку Кеңеш кечээ “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү долбоорун биринчи окууда кабыл алып, Коомдук каналдын Байкоочу кеңешин таратуу-таратпоо маселесин токтом менен чече турган болгон. Байкоочу кеңешти таратуу демилгеси өлкө коомчулугунда каршы пикирледи пайда кылууда. (KKs)