Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:53

Бишкекте студенттер арасында акыл таймашы өткөрүлөт


Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасындагы бул интеллектуалдык жарыш 26-апрелден 28-апрелге чейин Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде өтөт. Уюштуруучулардын билдиришинче, таймашка Бишкектеги ондон ашык университеттердин студенттери катышат. Сынак эки турга бөлүнүп, беш студенттен турган университет командалары философия, тарых, логика сабактары боюнча күч сынашат.

Бул иш чара КТМУ жана “Кеменгер” студенттик клубунун демилгеси менен уюштурулуп, университеттер арасында байланыш түзүү, кызматташтыкка жол ачууну максат кылат. (KKs)

XS
SM
MD
LG