Деңиз жээгиндеги бул шаарды Муаммар Каддафинин күчтөрү эки айдан бери камалап, чабуул коюп келишкен эле. Эми алардын шаардан кеткени жөнүндөгү маалыматтар ырасталса, бул козголоңчулар үчүн чоң жетишкендик жана Мисурата өлкөнүн батыш бөлүгүнөн козголоңчулардын көзөмөлүндө турган жалгыз ири шаар болуп калат.
Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Халид Каимдин айтымында, кечээ НАТОнун учактары Триполи, Сирт, Азизия, Хира шаарындагы буталарга сокку урган. Кечээ АКШ Ливиядагы буталарга сокку урууда биринчи ирет учкучсуз башкаруудагы учакты колдонгонун билдирген.