Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

АКШ Йемендин бийликти өткөрүү планын кубаттады


Ак үйдүн билдирүүсүндө Вашингтон “Йемен элинин үмүт-тилегине жооп бергидей кылып бийликти тынчтык жол менен өткөрүү боюнча планды колдоору” белгиленген. Мунун алдында кечээ президент Али Абдулла Салехтин кеңешчилери алар бийликти өткөрүп берүү боюнча планга макул болгондугун жарыялашкан. Перси булуңу кызматташтык кеңеши уюмунун ортомчулугу астындагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген план боюнча Йеменди 32 жылдан бери башкарып келген Али Абдулла Салех отуз күндүн ичинде кызматынан чегинип, бийликти орун басарына тапшырат. Ага катар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турган иммунитет алат.

Оппозициянын жети партиядан турган коалициясы планды айрым эскертүүлөр менен кабыл алганын билдирди. Бирок оппозиция өкүлүнүн айтымында, бул көчө жүрүштөрү дароо эле токтоп калат дегенди билдирбейт.

Мурда жаш активисттер Салехке кол тийбестик берген план кабыл алынгыс экендигин айтышкан. Йеменде президенттин кызматтан кетишин талап кылып, эки айдан бери өтүп жаткан нааразылык акциялары учурунда кеминде 120 кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG