Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр келаткан аптада уланышы мүмкүн


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында, «Ар-намыс» коалицияга кирүүдөгү талаптарын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге билдирди:

- Биз өз талабыбызды айтып жатабыз: өкмөттүн эффективдүү эмес чыгымдары кыскартылышы керек. Демек өкмөттүн структурасы кайра каралып чыгышы керек. Экинчи, өкмөттүн программалары болушу керек. Ал программага «Ар-намыстын» экономикалык программасынын өзөктүү жерлери кириши керек. Анан президенттик шайлоого премьер-министр катышам десе, шайлоо жарыялангандан кийин ал кызматтан кетиши керек.

20-апрелдин кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштаган.

Ага чейин “Ар-намыстын” он депутаты азыркы коалицияга кошулуу тууралуу чечимдерин билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG