Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Рим Папасы качкындар менен тилектештикке үндөдү


Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы, Бенедикт XVIнын Пасха майрамына арналган бүгүнкү кайрылуусун угуу үчүн Ватикандын Ыйык Петр аянтына оң миңдеген адам жыйналды. Папа “Шаарга жана дүйнөгө” деп аталган салттык кайрылуусунда Жакынкы Чыгыш менен Африкадагы окуялар жөнүндө да айтып өттү. Жаңжал аймактардан келип жаткан качкындарга тилектештик көргөзүүгө үндөдү:

- Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка өлкөлөрүндө балким жарандардын баары, өзгөчө жаштар жалпы жыргалчылыкка көмөктөшүү, жакырчылык жеңилген жана ар бир саясий тандоо адам укугун урматтоого шыктанган коом куруу үстүнөн иштөөдө.

Дүйнө христиандары бүгүн Пасха майрамын белгилешүүдө. Диний окуу боюнча бул күнү Иса Пайгамбар кайра тирилип келген. Кыргызстанда Пасха майрамына арналган иш чара бүгүн Бишкектеги Борбордук чиркөөдө да өттү. Анын алкагында христиандардын диний ырым-жырымдары жана сыйынуулар болду.

XS
SM
MD
LG