Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Тажик-ооган чек арасындагы кол салуудан тажик чек арачысы каза тапты


Бул тууралуу Тажикстандын чек ара аскерлери боюнча башкы башкармалыгы билдирди. Башкармалыктын басма сөз борборунун жетекчиси Хушнуд Рахматуллаевдин айтымында, Ооганстан тараптан куралчан он адам Тажикстандын Шуроабад районундагы Саригор деген жерге өткөн түнү өтүп келген. Алардын жолун чек ара отряды тоскондо атышуу башталган. Атышуу учурунда ооган тараптан чек араны бузгандардын бирөөсү да каза таап, калгандары качып кеткен. Тажикстандын чек ара аскерлеринин өкүлү белгилегендей, ушуну менен быйылкы жыл ичи эле чек аранын ооган тарабынан алтынчы ирет куралдуу кол салуу жасалып олтурат.

XS
SM
MD
LG