Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Талаптары аткарылса “Ар-намыс” коалицияга кириши мүмкүн


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, аталган фракция өткөн аптада коалицияга кирүүдөгү талаптарын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге билдирди. Анда өкмөттүн эффективдүү эмес чыгымдарын кыскартуу, өкмөттүн структурасын кайра карап чыгуу, өкмөттүн программасына “Ар-намыстын» экономикалык программасынын өзөктүү жерлери кошуу өңдүү талаптар бар. Эгер коалициялык көпчүлүктү түзгөн фракциялар буга макул болушса, “Ар-намыс” толугу менен коалицияга кирүү маселесин караштырмакчы.

20-апрелдин кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштаган. Ага чейин “Ар-намыстын” он депутаты азыркы коалицияга кошулуу ниеттерин кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG