Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

БУУ баңги зат менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 3,4 миллион доллар бөлдү


Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 2011-2013-жылдарга чейин баңги заттардын мыйзамсыз ташылышына каршы биргелешип кызматташуу келишимине кол койду. Келишимдин бюджети 3 млн. 400 миң долларды түзөт. Бул каражат Кыргызстандагы Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын деңгээлин көтөрүүгө да жумшалмакчы.

Журналисттер менен жолугушуу учурунда Федотов Кыргызстан менен жалпы Борбор Азия Ооганстан баңги заттарын өткөрүүчү өлкө катары калып жатканын белгиледи. Анын айтымында, БУУнун башкармалыгы аймактык кызматташууларды күчөтүүнү көздөөдө. Жыл соңуна чейин ушул тармакта жаңы программаларды ишке киргизүү пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG