Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Бишкекте маңзат өндүргөн лаборатория табылды


Ички иштер министрлигинин Кылмышка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында батирге берилген үйлөрдүн биринен маңзаттарды химиялык жол менен жасап жана сатууга чыгарган лабораторияны тапты. Министрликтин басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, кылмышка шектүү деп Орусиянын “адамдын ден соолугуна оор залака алып келген” (105-берене) деген беренеси боюнча издөөдө жүргөн жараны кармалган. Батирди тинтүү учурунда 1 килограмм 300 грамм эфедра өсүмдүгү, маңзат өндүрүүгө керек болгон 3 бөтөлкө чийки жана ар түрдүү химиялык заттар табылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.
Эфедрин Борбор Азия жана Батыш Сибирдин тоолуу райондорунда өсүүчү өсүмдүк. Ал медицинада көбүрөөк психикалык ооруларга пайдаланылат. Ал эми көбүрөөк дозада колдонсо маңзаттардын катарына кошулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG