Бадар укугун коргоого багытталган “Балдар үчүн өнөктөштүк” деген темада көргөзмө-жарменке 26-27-апрель күндөрү Улуттук китепканда өтөт. Анда ушул багытта бардык региондордо иштеп келаткан 50 чакты коммерциялык эмес уюмдардын жетишкендиктери көргөзүлөт. Мындан сырткары укук коргоочулар, депутаттар жана сот, прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусунда балдарды социалдык жактан коргоо жана ювеналдык юстиция темасына арналган тегерек үстөл талкуусу өтмөкчү. (КЕ)