Тажик расмийлердин билдирүүсүндө Ооганстан менен чек ара аймактагы кагылышта согушкер менен чек арачы аскер өлгөн. Чек ара кызматынын маалымат катчысы Хушнуд Рахматуллаев ишембинин түнүндө ондогон согушкерлер Тажикстан аркылуу өтүүгө аракеттенишкенин билдирди. Жыл башынан бери Ооганстандагы согушкерлердин Тажикстанга кирүү аракети 6-ирет катталды.
Тажик коргонуу күчтөрүнүн маалыматында Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн козголоңчуларды кысымга алганы аларды чектеш өлкөлөргө өтүүгө мажбурлоодо.
Тажик коргонуу күчтөрүнүн маалыматында Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн козголоңчуларды кысымга алганы аларды чектеш өлкөлөргө өтүүгө мажбурлоодо.