Өлкөнүн түштүгүндөгү Таиз шаарында өкмөттүк күчтөр президент Салехтин бийликтен кетүүсүн талап кылган он миңдеген адамдарга каршы согуштук октор менен көздөн жаш чыгарчу газ колдонгонун күбөлөр айтты. Бир нече адам жарадар болгонун укук коргоочулар билдирет.
Абдулла Салех Йеменди 32 жылдан бери башкарып келет. Өткөн жумада президент Салех 30 күндүн ичинде бийликти өткөрүп берүү тууралуу оппозиция менне келишимге бараарын айткан. Бирок нааразылыкка чыккандар анын бийликтен токтоосуз кетүүсүн талап кылууда.