Бул тууралуу Түркияга Кыргызстандан барган делегациянын өкүлү, депутат Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бүгүн, эртең Түркия президенти Абдуллах Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Анда эки өлкөнүн экономикалык, гуманитардык кызматташуусун арттыруу маселеси талкууга алынмакчы. Мындан тышкары эки өлкө ортосунда визасыз режимди киргизүү маселеси да көтөрүлмөкчү. (KKs)