Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалымат боюнча, майдын алгачкы күндөрү боло турган майрамдарда чоң шаарлар жана калктуу айылдарда көзөмөл күчөтүлөт. Мындай чара жарандардын коопсуздугун сактоо максатында көрүлүүдө. (KKs)